КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ

1994-жылы сентябрь айында Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык коллежи ачылган. 1996-жылы аталган коллеж Кыргыз-Өзбек университети деп өзгөртүлүп университет статусун алган. Кыргыз-Өзбек универститетинин базасындагы Инженердик технологиялык факультетинде 1999-жылы сентябрда техника илимдеринин доктору,  Исманжанов Анвар Исманжанович  “Жаңыланып туруучу жана жылуулук энергетикасы” миңбарына башчы болуп келген.

2001-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен факультеттин аталышы да “Энергетика жана маалымат технологиялары” деп өзгөртүлүп, 2001-2003-жылдар аралыгында миңбардын аталышы “Энергетика жана альтернативдик энерготехнологиялар”  деген аталышты алган миңбарды т.и.к., Султанов Саит Кожонович башкарган.

Кийин 2005-жылы факультеттин аталышы  Энергетика жана Транспорт факультети болуп өзгөргөртүлгөн “Энергетика жана альтернативдик энерготехнологиялар” кафедра башчысы болуп 2005-2008- жылдары т.и.к., Абдырахман уулу Кутманалы иштеген.

Кийинчерээк 2008-жылы үч факультет бириктирилип Инженердик технологиялык факультети болуп кайрадан түзүлгөндө “Энергетика жана альтернативдик энерготехнологиялар” кафедрасынын жетекчилигине т.и.к., Джолдошева Толгонай Джапаровна келип 20.10.2008 жылдан 01.09.2009 жылга чейин башкарып келген.

2009-жылдан 2017-жылга чейин кафедра “Энергетика жана Транспорт” каферасы болуп турган мезгилде кафедраны кайрадан т.и.к.,доцент Султанов Саит Кожонович башкарган.

2017-жылдын сентябрынан баштап 2020-жылга чейин аталган факультеттин курамындагы “Компьютердик технологиялар жана Энергетика” кафедрасы кайрадан жаңыртылган, кафедра башчысы ф-м. и.д. Ташполотов Ысламидин Ташполотович жетектеп турган.

2020-2021-жылдар аралыгында “Компьютердик технологиялар жана Энергетика” кафедрасын т.и.к., доцент Өмүрбекова Гүлзат Кочкорбаевна башкарып келген.

Кыргыз-Өзбек университетинин аталышы да 2021-жылы 15-январда КРнын Билим берүү жана Илим министрлигинин №25/1 буйругунун негизинде Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети болуп өзгөртүлгөндөн соң, 2022-жылы 11- октябрында кафедранын аталышы “Машина таануу жана Энергетика” кафедрасы болуп кайрадан түзүлдү жана кафедра башчысы болуп т.и.к., Эрмекова Зулайка Карыбековна дайындалып азыркы күндө жетектеп келүүдө.  Аталган кафедрада эки багыттагы бакалаврлар даярдалып келет.

1994-жылы сентябрь айында Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи ачылган. Аталган окуу жайдын базасында 1994-ж. октябрь айында «Жалпы техникалык сабактар» минбары уюшулган. Минбардын биринчи жетекчилик милдетин техника илимдеринин доктору, профессор Мамасаидов М.Т. аткарган. 1998-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен минбар Колдонмо механика минбары болуп өзгөргөн. 1997-2000ж минбарды т.и.к.. доцент Бакиров И. А.: 2000-2003жылга чейин минбарды т.и.к.,доцент Алиев М.И: 2003-2005- жылдары т.и.к., доцент Якубов Т.Т.; 2005- 2008-жылдары т.и.к., доцент М.М.Исманов; 2008-2010-жылдары Сатыбалдиев А.; 2010-2011-жылдары т.и.к. Махмудов Х.А.; 2011-2014-жылга чейин т.и.д., профессор М.Т.Мамасаидов кайрадан минбарды жетектеген.
2013-жылы минбардын аталышы өзгөрүп «Колдонмо механика жана көркөм долбоорлоо технология» минбары болуп кайра түзүлгөн.
2014-жылдын сентябрь айынан баштап «Колдонмо механика жапа көркөм долбоорлоо технологиясы» минбарын техника илимдеринин кандидаты, доцент Исаев Ильязбек Эркинбаевич жетектеген.
2020-жылдын сентябрь айынан тартып минбардын аталышы өзгөрүп “Колдонмо механика жана дизайн” минбары болуп кайра түзүлгөн.
2020-жылдан тартып “Колдонмо механика жана дизайн” минбарын улук окутуучу Акматова Гульнара Эргешовна (Тиленбаева Г.Э.) жетектеп келет.